Баш оона 04, 2025
Убакыт: 16:57
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.085
1.110

Кийинки "Рух Санат" фестивалы Жалал-Абад облусунда өтөрү расмий жарыяланды

04.08.2025 13:30
14
Кийинки "Рух Санат" фестивалы Жалал-Абад облусунда өтөрү расмий жарыяланды


Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн дүйнөлүк "Рух Санат" салттуу маданият жана музыка фестивалынын алкагында, кийинки фестиваль 2027-жылы Жалал-Абад облусунда өтөрү расмий жарыяланды.


Бул чечим президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен кабыл алынган.


Фестивалдын жүрүшүндө муундардын байланышын символдогон жыгач комузду өткөрүп берүү аземи болуп өттү. Анда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов салтанаттуу түрдө фестивалдын символу болгон комузду президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевге тапшырды.


Бул салт фестивалдын идеясы болгон улуттук мурасты улантуу жана аймактар аралык маданий байланышты чыңдоонун символу катары кабыл алынууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн