Бугу 04, 2025
Убакыт: 01:59
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

ИИМ: Ысык-Көл районунун тургуну 11 кг марихуана менен кармалды

25.12.2023 17:00
340
ИИМ: Ысык-Көл районунун тургуну 11 кг марихуана менен кармалды


ИИМдин БМЖКККнын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Ысык-Көл районунун аймагында “Куба” аттуу жаран баӊгизатты ири өлчөмдө чогултуп, аларды сатуу максатында сактап жүргөндүгүн аныктады.


ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Ысык-Көл РИИБ кызматкерлери тарабынан тергөө ыкчам иш-чараларын жүргүзүлуп, ал Ысык-Көл районунун тургуну 1977-жылы туулган Д.К.Т. экендиги аныкталган.

Анын кылмыштуу ишмердүүлүгүн аныктап, жоопко тартуу максатында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-б. негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында жашаган дарегинде тергөө амалдарын жүргүзүүдө жатуучу бөлмөдөн бир даана капка жана 1 даана кара түстөгү баштыкка салынган өзгөчө жыты бар зат алынып, соттук химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, салмагы 11 кг 095 гр түзгөн марихуана жана анын чаӊын түшүрүү үчүн дайындалган чүпүрөк-торчо табылып алынган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн