Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 00:50
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Интеллигентти кордогон коом өнүкпөйт

14.11.2023 17:15
2002
Интеллигентти кордогон коом өнүкпөйт


Интеллигент болуш үчүн сөзсүз жогорку окуу жайда окуп, диплом алуу керекпи? Көрсө, андай эмес экен. Дүйнөнүн не бир макталып жүргөн университеттеринде окуп, атүгүл илимдин доктору, академик сыяктуу дүңгүрөк даражаларга жеткендердин арасында да интеллигент боло албай калгандар көп кездешет турбайбы.


Интеллигенттик көбүнесе адамдын тубаса дээрине, акыл-эсине, баам-парасатына, сезим-туюмуна тиешелүү касиет экен.

Өз доорунун абийири аталган академик Д. Лихачёв "айылдык карапайым кишилердин арасында да интеллигенттер бар" деп айтканы ошондон улам окшойт. Биз бүгүн эстондук-советтик атактуу окумуштуу, маданият таануучу Юрий Лотмандын 80-жылдардын аягында берген маектеринде айткан интеллигент же интеллигенттик тууралуу пикирлерин ортого салабыз. "…Чыныгы интеллигент башка адамды түшүнүүгө, анын башкача экенин, ал башкача болууга укугу бар экенин түшүнүүгө умтулат. Ал такыр мендей болбошу керек, башка болгону үчүн мен ага кызыгам. Аны тескөө же ага буйрук берүү мага оңой болсун үчүн мен эч качан аны басынтып, өз тонумду кийгизип, өзүмө окшоштургум келбейт. Мени анын өзүм үчүн өзгөчө, жаңы жана адаттан тыш ички дүйнөсү кызыктырат. Мына интеллигент адамдын турмушта тутунган кредосу.

…интеллект түшүнүгү башка адамдын кызыкчылыгына байланыштуу экендигин айтып өттүк. 18-кылымда бул түшүнүк толеранттуулук деп аталган. Французча "толери" сабырдуулук деп которулат. Бул мен башка адамды баалайм, анын өз ынанымына ээ болушуна мүмкүнчүлүк берем, оригиналдуу жана мага окшош эмес болгону үчүн мен аны сыйлайм дегенди билдирет.

Айтмакчы, бул жаатта 19-кылымдын башында Орусияда мындай бир кызыктуу талаш жүргөн экен. Орто жашка барып калган тарыхчы жана атактуу жазуучу Карамзин эскичил көз караштагы адам болгон. Ал эми бүт коомчулуктан эркиндикти талап кылган жаш либералдар аны абдан айыптап, сындап, жазуучуну келекелеген эпиграммаларды чыгарышкан. Карамзинди өтө баалаганы менен, Пушкин да ага карата эпиграммаларды жазган. Ал эми декабрист Тургенев аны өз пикирине ээ болуу укугунан толук ажыраткысы келген. Ал Карамзин эски көз карашты карманууга тийиш эмес деген.

Карамзиндин жубайы иниси, жаш либерал Вяземскийге жазган каттарынын биринде "эркиндикти сүйгөн бул жигиттер башка адамдардын алардан бөлөкчө ой жүгүртүү эркиндигин тааныбайт окшойт. Алар кишилердин баары либералдык гана мундир кийип жүрүшүн талап кылышат. Алар үчүн эркиндик консервативдик мундирди чечип, либералдыкка алмаштыруудан эле турат экен" деп жазган. Ал эми Карамзин эркиндиктин такыр мундирсиз болушун каалаган. Өзүң кандай туура десең, ошондой ойло. Чындыкты гана туу тут. Жазуучунун принциби ушундай болгон.

Ошентип, интеллигент адам башканы түшүнүүгө аракет кылат. Интеллигент эмес киши менин гана оюм туура деп, өзүнө кынтыксыз ишенет. Интеллигенттик түшүнүгүн сөзсүз коштоп жүргөн нерсе – бул күмөнсүү, сын көз менен кароо. Европалык ой жүгүртүү бүт бойдон ушуга негизделген. "Мен ойлонуп жатам, демек мен жашап жатам" деген белгилүү сөз атактуу француз философу Декартка таандык. Чындыгында, ар бир ой жүгүрткөн адам, башкача айтканда, ар бир интеллигент киши ушундай десе жарашат.

Декарт ойлонбогон адам жашабайт деп айткан эмес. Ал ой жүгүртпөй жашоо – бул жашоо эмес деп эсептеген. Чөп да жашайт, бирок жашап жатканын билбейт. Бирок адам жашап жатканын аңдап-баамдаганы менен айырмаланат. Декарттын пикиринче ойлонуу, ой жүгүртүү – бул күмөн саноо, өмүрүндө жок дегенде бир жолу баардык нерсени сын көздөн өткөрүү. Декарттын идеясын эч нерсеге ишенүүнүн кереги жок турбайбы, баардык нерседен күмөнсүү керек экен деп ойлоо да жаңылыштык. Анын ою төмөнкүчө: "Эгерде мен бирөөнүн ой-пикирин сындан өткөрбөй эле кабыл алсам, анда ал менин оюм эмес. Ал башка бирөөнүн ою, мен жөн эле ой салынган баштыкмын. Мен аны башка бирөөнүн колунан алдым, ал мага жат. Мындайча айтканда, ал мага сиңишип, менин жан-тениме айланган жок".

Ал эми адам бардык нерсени сын көз менен карап, белгилүү бир идеяларды өзүнүн акыл-эси, сезим-туюмунун элегинен өткөрүп, кан-жанына сиңирсе гана ошол идеяларга ортоктош болот.

Интеллигент кишини интеллигент эмес кишиден айырмалап турган дагы бир маанилүү өзгөчөлүк – анын өзүнүн акыл-парасатынан чыккан өз ойлору бар. Жана ал өз турмушун өз ойлоруна ылайык курат. Ал ката кетириши мүмкүн, бирок жаңылыштыгын оңдоо үчүн ал эч нерсесин аябайт, атүгүл өз өмүрүн сайууга да даяр.

Чехов интеллигент адам майда нерселер тууралуу да калп айтпайт деген. Ал эч качан өзүн-өзү алдабайт. Интеллигент киши качан болсо өзүн актап, өзүнүкүн гана туура кылган, башкаларды такыр түшүнгүсү келбеген кишилерден кескин айырмаланат.

…Азыр биз демократияны, талашып-тартышканды үйрөнүү керектигин айтып жатабыз, бирок кеп анда эмес. Талашып-тартышканды үйрөнүү бири-бирин түшүнүп, сыйлашканды үйрөнүү дегенди билдирет. Мындан тышкары, бул улуттар аралык мамилелердин абдан маанилүү өңүтү. Жалпы маданият, анын ичинен улуттук маданият эки уюлдай жарыш өнүгүүгө тийиш.

Ар кандай репрессияларга көбүнчө алгач интеллигент адамдар дуушар болот. Диктатордук режимдер эң оболу дал ушул инсандарды жок кылат. Кийин башкаларга кезек келет. Бирок дайыма биринчи агартуучуларды курмандыкка чабат.

Эсиңиздерге сала кетейин, революциядан кийин А.М. Горький интеллигенциянын тагдыры жөнүндө кооптонуу менен жазган. Ал орус интеллигенциясы Орусия үчүн канчалык маанилүү экенин жана чыныгы интеллигенттер өтө аз экенин жакшы түшүнгөн.

Жазуучу ушул өңүттө бир катар макалалар жарыялап, большевизмдин идеологдору тарабынан төө бастыга калган. Айрыкча Сталин Горькийдин аталган макалаларын катуу сынга алган. Ал Горький Плехановдун артынан (Плеханов 1918-жылы каза болгон эле – А.К.) кеткиси келип жатат окшойт деп эскертен. Сталиндин зөөкүрлүгү ошондо эле билинген. Көп өтпөй (1918-1919-жылдары) Горький Петроградда ач-жылаңач калган агартуучулар үчүн жардам уюштуруп, аларды тамак-аш жана көлөч менен камсыз кылган. Аларды коргоп, дайыма интеллигент кишилердин таламын талашып турган.

Анткени ВЧК (Бүткүл орусиялык өзгөчө комиссия, б.а. атайын кызмат – А.К.) ар качан эле кимдир-бирөөнү камакка алчу. Ал эми Горький болсо бул чоң жазуучу, а мунусу атактуу профессор ж.б., буларды атканга болбойт, алардын таланты менен илим-билимин сакташыбыз керек деп, арачы түшүп турган. Өнөр же илим адамдары улуттук маданияттын угут-уюткусу экендигин Горький абдан жакшы түшүнгөн. Аларды кунсуз китепкана, жандуу лаборатория катары эсептеген. Бир өнөрлүү же талантуу адамдын мезгилсиз өлүмү – чыныгы улуттук трагедия, анткени ал өзү менен кошо маданияттын бүтүндөй бир бөлүгүн алып кетет деп билген. Себеби баарын жазып же айтып калтырууга болбойт да.

Интеллигенттик – бул маданий салттардын үзгүлтүксүз карым-катышы, рухий нарк-насилдин көрөңгөсү. Мындай көрөңгө жеке адамдын көкүрөк-көөдөнүндө жашайт жана кишиден кишиге өтөт. Маданият жандуу баарлашууну, тагыраагы, интеллигент киши менен интеллигент кишинин жүздөшүп дидарлашуусун талап кылат.

Ал эми кокус бул чынжыр үзүлүп, аны өткөрүп бере турган адамдар жок кылынып, маданиятка көпүрө болчулар калбай калса, анда бул өксүктүн орду жүздөгөн жылдарда гана толот. Айтайын дегеним, интеллигенттикке кайдыгерликтин кесепети өтө оор болот.

Бүгүн ошонун азабын тартып жатабыз. Илимий жактан артта калып жаткандыгыбыз жөнүндө басма сөздө ачык айта баштадык. Бул жаатта биз дүйнөдө уят болор жерде турабыз. Атүгүл он жыл мурда эгемендикке ээ болгон өлкөлөр бизди кууп жетти. Эмне үчүн? Мындай эмес эле го?! Албетте, буга агартуучулар менен маданият ишмерлерин куугунтуктаган же набыт кылып жок кылганга чейин барган мамлекеттик машина күнөөлүү.

Мен билимдүү кишилерди эмес, интеллигент адамдарды (т.а. агартуучуларды) эске алып жатам. Анткени билимдүү делип, расмий сый-ургаалдардын баарын алган академик болмуштар айланасына жалаң мансапкорлорду топтоп алганын көп эле көрүп жүрөбүз. Же алардын эмгегине эч кандай тиешеси жок болсо да бүт жерде өзүнүн атын биринчи орунга коюуга шакирттерин мажбурлагандар да жок эмес. Тилекке каршы, бул биздин академиялык чөйрөдө адатка айланып баратат. Арийне, андайлар интеллигент эмес, алар илимдеги бюрократтар.

Бюрократ – бул турган турушу менен маданиятка каршы көрпенде. Интеллигент өзүнөн кийинкилерге илим-билимин, адамгерчилик өрнөгүн калтырса, бюрократтар мураска наадандык, бетпактык менен карайт. Ал дагы көбөйөт, ал дагы тукумдайт. Башкача айтканда, өзүнө окшошторду жаратат. Ошондуктан таланттуу, интеллигент кишини, мындайча айтканда, маданият жаратманын кайсы бир орундан кууп салсак, анын ордун дароо бюрократ басат. Ал айланасында өзүнө окшогон адамдарды "төлдөйт". Анан эмне үчүн бизде баары кедерине кетип жатат, эмне үчүн өсүш жок, өзгөрүш жок деп, өзүбүз таң калабыз.

Улуттук организм дени сак болушу үчүн жана бөлөк-бөтөндөрдүн таман астында калбай өз маданиятын өзү түптөп-өркүндөтүшү үчүн коомдо сабырдуулук, ыйбаа-изгилик, интеллигенттик, адамды урматтап-сыйлоо сыяктуу нукура адеп-ахлактык сапаттарды жайылтуу зарыл.


Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу.

Булак: «Азаттык» үналгысы

Автордун пикири редакциянын көз карашын чагылдырбайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн