Бугу 02, 2024
Убакыт: 00:56
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Иран бийлиги 1000ден ашуун чет өлкөлүк адамды абактан бошотту

21.04.2020 18:29
899
Иран бийлиги 1000ден ашуун чет өлкөлүк адамды абактан бошотту


Иран коронавируска байланыштуу 1000ден ашуун чет өлкөлүк адамды абактан бошотту. Бул тууралуу Ирандын сот бийлигинин расмий өкүлү Голямхосейн Эсмаилиге таянуу менен чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. 


Маалыматка  ылайык, коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам 1000ден ашуун чет өлкөлүк абактан чыгарылган. 


“100 миң туткунду бошотуу менен биз дагы 1000ден ашуун чет өлкөлүк жаранды да бошоттук”, - деп Эсмаили билдирген.

 

Буга чейин Ирандын президенти Хасан Рухани бийликтин түрмөдөн бошотуу  мөөнөтүн 20-апрелден 20-майга чейин узартуу чечимин жарыялаган. Алардын арасында Ирандын коопсуздугуна каршы кылмыш жасаган деп айыпталган адамдар да болгон.


Иран бийлигинин айтымында, булар негизинен коомго коркунуч туудурбаган адамдар, анткени алар оор кылмыш жасаган эмес. Азыркы тапта Иранда 19-февралдан бери коронавирус жуктуруунун 83,5 миң учуру катталып, 5200дөн ашууну көз жумду. Ошол эле учурда 60 миңге жакын адам айыгып кетти.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн