Бугу 19, 2024
Убакыт: 16:13
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ырчы Анжелика бизнес ишканаларды оорукана катары пайдаланууга берүүнү суранды

02.07.2020 16:19
1602
Ырчы Анжелика бизнес ишканаларды оорукана катары пайдаланууга берүүнү суранды


Ырчы жана теле алып баруучу Анжелика мейманканасы, ичинде керебеттери бар ишканасы, лицейи, лагери бар ишкерлерге кайрылып, элге медициналык кызмат көрсөтүү үчүн оорукана катары убактылуу пайдаланууга берип турууга чакырды.


Ошондой эле ал жасалма дем алдыруучу аппараттарды алууга каалоочулар колунан келген акчасын салса боло турганын айтып, атайын эсеп уюштурганын билдирди: 0700 977797 же 0222 121212 Элсом номерине жана 4817760157821970 Сдербанкка акча которо алышат.


Анжелика учурда бир кислороддук аппарат алып жатканын кошумчалады.


Белгилей кетсек, буга чейин Мирбек Атабеков эки аппаратты алууга акча которгонун билдирген.

Алардын маалыматтары боюнча, бир аппараттын баасы 550 доллар турат. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн