Бугу 05, 2024
Убакыт: 03:57
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ыргал айымдын «эрөөлүнө» эркек талапкерлер неге келген жок?

04.09.2023 11:34
5429
Ыргал айымдын «эрөөлүнө» эркек талапкерлер неге келген жок?


Бир мандаттуу Ленин райондук шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Ыргал Кадыралиева 29-августта атаандаштары Русланбек Тагаев, Кубанычбек Самаков менен Жамалбек Ирсалиевди эл астында дебатка чакырган эле. Мындай ачык «эрөөлгө» үчөө тең келишкен жок. Натыйжада Ыргал айым дебаттан качкан атаандаштарына суроолорду узатты. Маселен, Р.Тагаевдин компаниясы кезинде Ленин районундагы көчөлөрдүн бирине канализация тартуу иштерин сапатсыз жүргүзгөнүн, өмүр бою мамлекеттик кызматта жүрүп шайлоо кампаниясына каражатты кайдан тапканын суроо иретинде кабыргасынан койду. Ошондой эле Кубанычбек Самаковдун өтмүшүнө байланышкан соболдорду таштаса, Жамалбек Ирсалиевге «эмне себептен вице-мэр кезиңизде азыркы берип аткан убадаларды аткарган жоксуз?» деген мыйзам ченемдүү суроону узатты. Андан бери бир апта өтсө дагы, эркек талапкерлер реакция жасаша элек. Балким, эми үн катышаар…

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн