Бугу 05, 2024
Убакыт: 14:18
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ырысбек Атажанов, ЖК депутаты: “Бизде сууну 2-3 чакырым жерден ташып ичишет”

22.01.2024 20:09
1340
Ырысбек Атажанов, ЖК депутаты: “Бизде сууну 2-3 чакырым жерден ташып ичишет”


- Ырысбек Ысламович, Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу боюнча мыйзам долбоору бир топ талаш-тартыштарды пайда кылып, депутаттардын арасында “бул биз үчүн ыңгайсыз шартта алынган кередит” деп каршы чыккандар болду. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?


- Жогорудагы төрт шаар тең дотацияда турат. Алардын тургундары таза сууга абдан муктаж. Ошол эле учурда канализациялардын трубалары эскирип, жарылып, саркынды суулар көчөгө агып жатат. Кээ бир кварталдарга 8 саатта бир жолу суу берилсе, айрым кварталдар сууну 2-3 чакырым жерден ташып ичишет. Элди таза суу менен камсыздап, канализацияларды жаңылатуу үчүн бул келишимге төрт шаардын мэрлери өздөрү макулдук берип, шаар кеңештин депутаттары чечимдерин чыгарган. Андыктан, бул абдан керектүү долбоор. Аталган шаарларды таза суу менен камсыздоого 18,6 миллион евро алынып, ар бир шаарга 4 миллион 650 миң евродон бөлүштүрүлөт. Каражаттын 8 миллиону кредит болсо, 8 миллиону грант. Техникалык кызматташтык үчүн 2,5 миллион евро каралууда. Кредиттик мөөнөт 15 жыл. Анын төрт жылы жеңилдетилген. Шаардын мэриялары өздөрү жоопкерчиликти алып, кредитти сууга төлөнгөн акчанын эсебинен жабат. 


- “Суунун тарифи көтөрүлүп, элге оорчулук жаратат” деп атышпайбы кээ бир кесиптештериңиз?


- 3-5 чакырым жерден суу ташып ичкенден көрө, эл буга өзү макулдук берип атат да. Эң көтөрүлгөн учурда бир куб суу 20 сом болот экен. Азыр 12-13 сом төлөшөт. Ар бир үйгө эсептегич коюлат, анын негизинде төлөй беришет.   

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн