Тогуздун айы 12, 2025
Убакыт: 15:33
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.070
1.095

“Ысык-Көл баатыры” аныкталды

07.09.2021 16:21
1774
“Ысык-Көл баатыры” аныкталды



ХХ Ысык-Көл эл аралык спорт оюндарында "Ысык-Көл Баатырлары" номинациясынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Аталган номинация боюнча спорттун 3 түрүнөн мелдеш жүрдү: бука тартыш, күрөш жана оор салмактагы нерсени (ташты) көтөрүү.


Катышуучулар салмак өзгөчөлүктөрү боюнча 2ге бөлүнүштү: 90 килограммга чейин жана 90 килограммдан жогору.


3 спорттун түрү боюнча эң мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн Кожомуратов Бектурган “Ысык-Көл баатыры” макамына ээ болду. 


Ал 3 спорттун түрү боюнча биринчиликти эч кимге берген жок. Мындан сырткары аталган номинацияда 2-орунду Календеров Нуржигит алса, коло медалды Кубанычбек уулу Бексултан жеңип алды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн