Бугу 02, 2025
Убакыт: 18:48
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

Ысык-Көл районунда 358 адам сел кесепеттерин жоюу иштерине тартылды

19.08.2024 13:38
1008
Ысык-Көл районунда 358 адам сел кесепеттерин жоюу иштерине тартылды


Учурда Ысык-Көл районунда 358 адам сел кесепеттерин жоюу иштерине тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн саат 11:30га карата Ысык-Көл районундагы сел кесепетерин жоюу иштерине ӨКМден жалпы 143 куткаруучу, 3 мотопомпа тартылды. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан 146 кызматкер жана 5 техника тазалоо иштерине чыкты.

Ал эми Жарандык коргонуу кызматтарынан 30 кызматкер, “Чайна Роуд ” ишканасынан 39 кызматкер жана 39 техника жеринде иштеп жатат.

Белгилей кетсек, кечээ саат 21:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү, Корумду Темир айылдарын жана "Ысык-Көл Аврора" эс алуу жайын сел суулары каптаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн