Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Көлдөгү жол кырсык эки адамдын өмүрүн алды

10.08.2020 09:51
1059
Ысык-Көлдөгү жол кырсык эки адамдын өмүрүн алды


Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында "КамАЗ" менен жеңил унаа кагышып, эки адам мерт кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол унаа жолунун 29-чакырымында (Тору-Айгыр айылы) “Хундай-Соната” жана КамАЗдын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 2 киши (1 аял: 1992-ж.т.; 1 эркек) каза болуп, 1 эркек жаракат алган. Куткаруучулар каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жаранды тез жардам кызматы Чолпон-Ата шаардык ооруканасына алып кетишкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн