Баш оона 23, 2025
Убакыт: 06:33
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.070
1.100

Ысык-Көл райондук ооруканасынын реаниматологу Сарбагыш Иманалиев каза болду

27.07.2020 12:24
1534
Ысык-Көл райондук ооруканасынын реаниматологу Сарбагыш Иманалиев каза болду


Ысык-Көл райондук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиев каза болду. Бул тууралуу Кыргыз медициналык ассоциациясынан билдиришти. 


"Ал өз кесибин сүйгөн, профессонал адис эле. Чолпон-Ата шаарында көптөгөн адамдарды өлүмдөн сактап калган", - деп айтылат маалыматта. 


Сарбагыш Иманалиев 1961-жылы туулган. 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетин бүтүргөн. Саламаттыкты сактоо тармагында 36 жылдан бери иштеп келген. Ал бүгүн, 27-июлда Бишкек шаарында пневмония оорусунан улам каза болду. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн