Тогуздун айы 13, 2025
Убакыт: 09:18
USD
87.30
87.80
EUR
101.10
102.10
RUB
1.070
1.095

Ысык-Көлдө толкун учурунда сүзүп бара жаткан спортчу изделүүдө

06.08.2022 16:14
802
Ысык-Көлдө толкун учурунда сүзүп бара жаткан спортчу изделүүдө


Ысык-Көлдө толкун учурунда сүзүп бара жаткан спортчу изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-августта саат 13:00 чамасында Тоң районунун Кара-Шаар айылынан Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылын карай 15 спортчу сүзүп өтүүгө чыгышкан. 


Сүзүп бара жаткан учурда көлдүн ортосунда чоң толкун болуп, 1 спортчу дайынсыз болууда. Кырсык катталган көл ортосунда издөө иштерин жүргүзүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 4 куткаруучу, Тоң райондук №38 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылды. Учурда чөккөн спортчунун аты-жөнү такталууда.


 Кошумча маалымат берилет. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн