Бугу 13, 2024
Убакыт: 08:43
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Ысык-Көлдө туристтик сезондун ачылышына байланыштуу көргөзмө-жарманке өтөт

11.05.2023 10:03
1704
Ысык-Көлдө туристтик сезондун ачылышына байланыштуу көргөзмө-жарманке өтөт


Чолпон-Ата шаарында 13-май күнү Issyk-Kul ITF 2023 эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Анын алкагында быйылкы туристтик сезондун расмий ачылышына старт берилет.

Иш-чара Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борборунда болуп, коноктор туристтик компаниялардын, пансионаттардын, конок үйлөрдүн жана туризм чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдардын товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү менен тааныша алышат. Ошондой эле этникалык оюндар, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары уюштурулуп, маданий программа тартууланат.

Issyk-Kul ITF — бул жыл сайын эл аралык туристтик компаниялардын, туроператорлордун, агенттиктердин, туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик түзүмдөрдүн, авиакомпаниялардын, эл ташуучу компаниялардын, мейманканалардын жана медиасектордун өкүлдөрүнүн жолугушуучу жери.

Максаты өлкөнүн туризм чөйрөсүн өнүктүрүү, туристтик бизнестердин ортосундагы кызматтык байланышты түзүү, туризм дараметин эл аралык рынокто илгерилетүү, эс алуу жана ден соолукту чыңдоо үчүн чет өлкөлүк туристтерди тартууга көмөктөшүү болуп саналат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн