Кулжа 30, 2025
Убакыт: 08:52
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.110
1.135

Ысык-Көлдө унаасы менен карга тыгылып калган казакстандык үй-бүлө куткарылды

10.12.2023 12:18
530
Ысык-Көлдө унаасы менен карга тыгылып калган казакстандык үй-бүлө куткарылды


Ысык-Көлдүн жайлоосунда кар күрткүдөн чыга албай калган казакстандык үй-бүлө куткарылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.


Маалыматка ылайык, 9-декабрда беш кишиден турган үй-бүлө Nissan Patrol унаасы менен Ак-Суу районундагы Кызыл-Кыя-Башарын жайлоосунда баратып кар күрткүсүнө тыгылып калган. Алар "Каракол" лыжа базасына эс алуу үчүн келишкен.


Жерине ыкчам түрдө алты куткаруучу тартылып, кар күрткүдө калган үй-бүлөнү унаасы менен сүйрөп чыгарып беришкен.


Учурда туристтердин абалы канааттандырарлык. Аба ырайы турукташканча Каракол шаарында калышкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн