Тогуздун айы 13, 2025
Убакыт: 06:31
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.070
1.095

Ысык-Көлдөн жаш аялдын денеси табылды

Ысык-Көлдөн жаш аялдын денеси табылды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда көл жээгинен жашы 25-30 чамасындагы келиндин сөөгү табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, анын сөөгүн жергиликтүү тургундар көрүп калган.


"Алдын ала маалыматтар боюнча, келиндин денесинде зордук-зомбулуктун издери байкалган эмес. Ал суу жээгинде спорттук кийимчен жаткан. Көз жумган аялдын ким экени тактала элек, милиция анын жакындарын издөөдө. Келиндин сөөгү учурда өлүкканада, соттук-медициналык экспертиза дайындалды", — деп айтылат маалыматта.

Келиндин эмнеден көз жумганы соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккан соң билинери кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн