Жалган курандын 26, 2025
Убакыт: 03:16
USD
86.50
87.00
EUR
93.20
94.20
RUB
1.000
1.060

Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде кытайлык өнөктөштөрдүн катышуусунда мейманкана курулат

06.02.2025 18:18
250
Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде кытайлык өнөктөштөрдүн катышуусунда мейманкана курулат


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев кытайлык компаниялардын жана уюмдардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды ийгиликтүү өткөрүп, келечектүү долбоорлорду жана мындан аркы кызматташууну талкуулады.


Ведомстводон билдиришкендей, негизги долбоорлордун арасында Барскоон айылындагы мейманкананын курулушу талкууланды.


Белгилей кетсек, долбоор Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде кытайлык өнөктөштөрдүн катышуусунда биринчи долбоор болуп, Кыргызстанга кошумча туристтерди жана бизнес өнөктөштөрдү тартып, туризм инфраструктурасын өнүктүрүүгө түрткү берет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн