Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Искендер Шаршеев: "Экономикалык солгундоонун кесепети эми сезиле баштайт"

12.03.2021 12:26
1083
Искендер Шаршеев: "Экономикалык солгундоонун кесепети эми сезиле баштайт"


Улуттук “Бизнес ассоциациялар альянсынын” жетекчиси менен маек.


- Пандемиянын кесепетин эми сезип жатабыз. Ишкерлердин учурдагы абалына токтолсоңуз? Өкмөттөн кандай кадамдарды күтүп жатасыздар?

- Бизге өкмөттөн ишкерлерге кирешеге болгон салыктарды салыктык фонддон түшүп турган тарификациясынан азайтуу зарыл болуп турат. Тарификация уюмдарга 17%, жеке ишкерлерге 25% болот. Социалдык фонддун тарифтери да аябай оор келет.


Улуттук “Бизнес ассоциялар альянсынын” жетекчиси катары айтып кетерим, биздин уюмдан салык боюнча жеңилдик иштелип чыккан. Ал өткөн жылдын ноябрь айында түзүлгөн. Салык реформасы боюнча кеңешмеге мүчө болуп киргенбиз. Ал жерден социалдык фонд жана салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарыбызды бердик. Ошол сунуштарыбыз эске алынса, ишкерлерге бир топ жеңилдик болмок.


Азыркы кезде абал бир топ эле оор. Пандемия учурунда ишкерлерге кыска убакытка жөлөктөр бар болчу, азыр анын баары түгөндү. Анүстүнө экономикалык солгундоо кесепети эми сезиле баштайт.


Жамиля Нурманбетова

"Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн