Бугу 02, 2024
Убакыт: 13:48
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Исмаилов: Боор жакшы иштебесе өт дагы жабыркайт

18.12.2023 11:07
1057
Исмаилов: Боор жакшы иштебесе өт дагы жабыркайт


Боор жана өт баштыкчасына кандай кам көрүү керек? Кокус бул органдар сезгенсе, кайсы медициналык текшерүүдөн өтүү зарыл? Өттөгү таш эмнеден пайда болот? Жарнамалардагы витаминдердин баары эле пайдалуубу? Хирургдарды эмнеге "өзүмчүл адистер" дешет?

Хирург Эрмек Исмаилов жакынкы жылдардан тарта социалдык тармактарда агартуучу контенттерди жасап, блогерлик менен алектенип жүрөт. Жакында эле "Дени сак жашоого жол" деген медициналык чакан китепче чыгарды. Анда негизинен боор жана өт баштыкчасына кам көрүү, кокус бул органдар сезгенсе медициналык кандай текшерүүдөн өтүү керектиги жазылган.

Эрмек "Азаттыктын" "Сергек жашоо" рубрикасында эл менен медиктердин байланышы, саламаттыкка кам көрүү жана медицинадагы көйгөйлөр тууралуу айтып берди.

Боор менен өткө кантип кам көрүү керек?

- Эрмек мырза, сөздү адегенде эле "Дени сак жашоого жол" деген гайд же бизче айтканда китепчеден баштайлы. Сиз бул китепте догдурга кандай көрүнүү керек экенине чейин жазган экенсиз.

- Мен Инстаграмда, Ютубда, Фейсбукта контент жасайм. Инстаграмда бир рилс чыграсам, "анализди кантип, кайда тапшырам?" деген өңдүү суроолор жаай баштайт. Чынын айтсам, бул суроолор мага ачылыш болду. Элдин баары эле билет деп ойлогом да. Башында эринбей ар бирине жооп берип жүрдүм. Бирок кийин байкасам, убактым жооп жазууга эле короп, негизги ишимди аткара албай калат экем. Анан ушул гайдды чыгарууга туура келди. Бул жерден Адан баштап Яга чейин жооптордун баары бар.

Менин максатым - дарыгерге көрүнө турган адамдын убактысын үнөмдөө. Бизде ден соолукту текшертем деген киши абдан убара болот. Улам бир ооруканага жиберишет, айылдан келген киши Бишкекте жумалап жүрүүгө аргасыз болот. Мен буга өзүмдүн апам ооруганда ынандым.

Бул гайдды жазууга үч-төрт жыл камындым. Азыркы заманбап технологиянын негизинде, жалпак тилде жазганга аракет кылдым. Кыргыз коомунда китеп окуу маданияты төмөнүрөөк. Балким ушундай китепчелер менен элдин окуу маданиятын, өзүнө болгон кам көрүүсүн жогорулата алабызбы деген оюм бар.

- Бул китепчеде боор жана өт баштыкчасы сезгенгенде эмне кылуу керектигин жазган экенсиз. Эмнеге бул эки органга гана токтолдуңуз? Же боору менен өтү ооругандар Кыргызстанда көппү?

- Бул дагы анализдөөнүн жыйынтыгында келип чыккан жыйынтык. Мисалы, Инстаграмга боорго байланыштуу видео чыгарсам, 100 миңдеп көрүүчү топтойт. Инсультту алдын алуу деген видео чыгарсам, 4 миңдей эле киши көрөт.

Кыргызстандагы статистиканы карасак деле боор илдетинен жабыркагандардын саны көп. Боор иштен чыкса же иштөөсү жайлап калса, түздөн-түз өткө таасирин тийгизет. Себеби, боордун ичиндеги суюктук өткө агып түшөт. Боор жакшы иштебей калганда, ал суюктук өттө топтолуп, ташка айлана баштайт.

Ал эми өттүн ооруганынын себеби - биздин адаттарыбызга байланыштуу. Себеби, майлуу, ачуу тамакты мисалы, мантыны, палоону, бешбармакты көп жейбиз, бирок аз кыймылдайбыз. Мунун айынан өттө таш же башка оорулар пайда болот.

- Кыргызстанда өтүн алдыргандар кайсы аймакта көп, ушуну биле алдыңызбы?

- Биз, хирургдар тамашалап коебуз "ар бир экинчи же үчүнчү кыргызстандыктын өтү жок" деп. Чындыгында өтүн алдыргандар өлкөнүн бардык аймагында көп. Бизде ооруну жашырып, өтүшүп кеткенче жүргөндөр бар. Өтүңдү алдырсаң, кийин бооруңа, ичеги-карынга күч келет. Мунун баары бири-бирине байланышкан система да.

Эгер адам УЗИден такыр өтпөсө, өтүндө таш бар экенин билбей деле жүрө бериши мүмкүн. Коркунучтуу жери оору күтүүсүз кармаса, операцияга чейин жетет. Мүнөздөп, туура тамактанса, таш менен деле жашаса болот. Бирок мунун дагы бир тобокелдиги бар. Эгер таш түтүкчөдөн өтүп кетсе, наркоз берип, ачык операция кылганга туура келет.

Азыр өттү лапароскопия деген ыкма менен операция кыла баштадык. Бул жакшы десек болот. Эмне үчүн? Анткени заманбап медицина теринин кичине жерин гана кесип, операция кылат. Эски медицинада ичти толук ачып салып бардык органды көрүшчү да. Бирок адам өзүн карабай жүрө берсе ошол эски ыкманы тандоого туура келет.

- Айрым ооруканалардын хирургия бөлүмдөрүндө өттөн алынган таштарды дубалга илип коюшканын көрөм. Бири жашыл, бирөө сары, кызыл, кээ бири буудайдай майда...

- Хирургдар бейтаптарды “өтүңдүн ташын ушунчалык бактыңбы?” деп тамашалап калышат. Таштардын түсү адамдын жеген тамагына, ичкен суусуна жараша болушу мүмкүн, көлөмү дагы. Чоң же кичинесине карап, өттө канча убакыт жатканын билсе болот.

"Дарылоодон мурда ооруну алдын алуу керек"

- Акыркы жылдары Кыргызстанда медиктер, айрыкча сиз курактуу ак халатчандар социалдык медианы жигердүү колдоно баштаганы байкалат. Айрымдары Тик Токтон, Инстаграмдан кеп-кеңештерин бергенин көрүп калабыз. Мунун себеби эмнеге байланыштуу деп ойлойсуз? Акча табуу аргасыбы же элди агартуу мүдөөсүбү? Жаш адистер үчүн кадыр-барктуу дарыгерлердин көлөкөсүнөн чыгып, өзүн таанытуу дагы оңой эмес болсо керек…

- Бул жерде аябай көп факторлор бар. Эмне үчүн мен контент жасап жатам? Дарыгер жөн жерден дарыгер болбойт деп айтышат эмеспи. Өзүбүздүн кандайдыр бир миссиябыз бар. Жараткан биздин маңдайыбызга дарыгер болууну жазса демек, алган билимди эл менен бөлүшкөндү да билүү керек. Канчалык көп бөлүшсөк, ошончолук пайда.

Мисалы, мурда дарыгерлер он жылдап иштеп анан таанылса, азыр социалдык тармактардын жардамы менен бат эле белгилүү болуп атышат. Бир жагынан интернет жаш дарыгерлер үчүн зор мүмкүнчүлүк деп айтар элем. Жасаган ишибиздин акыбети кайтса, сүйүнүп, шыктанабыз. Кээ бир учурда мээнетиң талаага кетет, андай учурда ишти таштабай уланта бериш керек. Мисалы, менин кылып жаткан контентим 90% акысыз десем болот.

- Мисалы, сиз жасаган контенттерден жада калса "эмне үчүн тырмакты алыш керек же бутту бат-бат жууп туруш керек" дегендей өтө жупуну маалыматтарды көрүп калам. Анан ушуну дагы билбеген адамдар барбы деген суроо жаралат экен.

- Биз дарыгерлер көп учурда бейтаптын денесин гана дарылап, дартка себеп болгон психологиялык жагдайды билгенге аракет кылбайт экенбиз.

Менин максатым эмне? Ошол көйгөйдү изилдеп, адамга оорудан сактанууга жардам берүү. Мен контентти элден келген пикирдин негизинде жасайм.

Тилекке каршы, акыркы жылдары билимдин сапаты кескин түшүп кеткени байкалат. Айрымдар суроо бергенде аябай ката жазышат. "Бутту эмнеге жууп, тырмакты алып туруу керек" дегенди кээде ошондой суроолордон улам жасаганга туура келет.

Пандемия маалында менин максатым элимди операция үстөлүнө жаткыруу эмес, ооруну алдын алуу экенин түшүнгөм. Ошол себептүү, акыркы үч-төрт жылдан бери илдеттен коргонуу жолдору тууралуу айтып келем.

- Сизден кеп-кеңеш сурагандар кимдер? Аялдарбы же эркектерби?

- Аял кишилер көп кайрылат. Эл арасында “аялдар көп ооруйт, бирок эркектер аз жашайт” деп коюшат эмеспи. Эмне үчүн? Бизде эркектер саламаттыгына анча маани бербейт экен, көбү догдурга оорусу өтүшүп кеткенде гана келет. Аял киши кичине ооруп калса эле кайрылат, дарыланат. Көбүнчө 25-50 жашка чейинки курактагылар кайрылат. Өздөрүнүн ден соолугуна кам көргөндөр десек болот.

- Оорулар жөнүндө көп айта бергендин зыяндуу жагы да болбойбу? Анткени, адам өзүнөн шек санап "бул жерим шишип, теримдин өңү өзгөрүп калыптыр" деп санаа тартышы мүмкүн да.

- Акыркы кезде бир нерсени түшүндүм. Мен көбүнчө Инстаграмда контент жасайм, ал жакка адам көбүнчө жайдары, пайдалуу маалымат алганы кирет экен. Ошондуктан акыркы бир-эки айдан бери оору тууралуу аз айта баштадым. Тескерисинче, "ушул нерселерди кылсаңар оорубайсыңар же өзүңөрдү жакшы сезесиңер, иммунитетиңер жакшы болот" деп айтам. Биз оору тууралуу эмес, анын алдын алуу жөнүндө көбүрөөк маалымат берсек, сонун болмок.

Дагы бир байкаганым, бизде адамдар ооруганды эрдик көрөт экен. “Мен операция болуп, өтүмдөн таштарды алдырбадымбы” деп сыймыктануу менен айтышат. Пандемия учурунда “мен пневмония болдум, өпкөм 80% жабыркаптыр да” дегендерди уктук. Мындай учурда менин ыйлагым келет, бул мактана турган нерсе эмес. Элибиз “мен ооруган жокмун, ден соолукту минтип чыңадым" деп айтышын кыялданам.

- Кайсы бир жылы сиз “Ооруканага жаткан адамга тамак көтөрүп келгенче, бирдик салып же акча которуп койгула” деп кеңеш бердиңиз эле?

- Жогоруда айткандай, бизде “мен ооруканага жаттым” деп сүйүнчүлөгөн адат бар. Анан ал палатага жайгаша электе жакындары күчтүү тамактарды көтөрүп келе баштайт. Алардын оюнча, оорукананын тамагы жакшы эмес, бейтап ачка жатат. Бирок операция болгон адам мүнөздөп тамак ичиши керек.

Ординатурада окуп жүргөндө проктология бөлүмүндө иштеп калдым. Операция болгон бир бейтапка жакындары “үч-төрт күндөн бери тамак жебей жатат” деп манты алып келиптир. Бейтап көңүлүн кыйбай, жеп койгон экен, өзү эле кыйналды. Пандемияда дагы бир өлүмдөн калган бейтапка келишип, кайра оорутуп кеткен учурлар болду. Толук айыга элек адамдын организми чабал болот да. Сырттан инфекция илештире келип, акыбалын кайра оорлотуп салышыбыз мүмкүн. Андан көрө бейтапка бирдик салып же акча которуп койсо, дары-дармегине кыйла жардам болмок. Келечекте бара-бара ушундай түшүнүккө келебиз деп үмүттөнөм.

- Контент жасоодон тышкары дарыгер болуп да иштейсизби?

- Азыркы учурда элге онлайн консультация берип турам. Кээде бейтаптар менен жолугуп калабыз. Кээ бирөөлөр “бир гана клинкада консультация бериш керек” деп айтышы мүмкүн. Бирок мен ооруну кантип дарылоону эмес, ооруну алдын алуу тууралуу маалымат берем. Мисалы, кантип туура тамактануу керек, уйкуну кантип жакшыртса болот ж.б. Эгер пневмония, инфаркт сыяктуу дартка чалдыккандар кайрылса, ага ооруканага, ошол органды дарылаган адиске кайрылуу керектигин айтам.

- Байкашымча, акыркы жылдары эл аралык уюмдар менен да иштешип жүрөсүз.

- Ооба, акыркы эки-үч жылдан бери медициналык подкасттарды жаздырып, долбоорлорду жасап да иштеп жүрдүм.

Түштүк Кореянын медицинасы эмнеге алдыда?

- Батышта дарыгерлер өз тажрыйбасынын негизинде психиатрия болсун, ичеги-карын, боор болсун элге түшүнүктүү жалпак тилде эле китептерди жазып коюшат экен. Бизде деле айрым дарыгерлер китеп жазып жатса керек, бирок көбүнүн эмгектери жөнөкөй окурман түшүнбөгөн академиялык тилде...

- Биздин айрым агайлар "ушундай чоң операция кылдык эле" деп тажрыйбасын гана эскерип жазышкан. Бул деле кайсы бир деңгээлде туура болушу мүмкүн. Тарых үчүн керек балким.

Мен бир жылы Түштүк Кореяга барып, тажрыйба топтогом. Алардын ооруканаларында китепканалар бар. Ар биринде бейтаптар үчүн жазылган медициналык китептер, макалалар өзүнчө турат. Эл үчүн жалпак, түшүнүктүү тилде эле жазып коюшат. Аны көргөндөн кийин менде да ушундай эмгек жаратуу идеясы пайда болгон.

- Дагы кандай айырмачылыктарды байкадыңыз эле?

- Түштүк Кореядагы артыкчылыктардын баарын бизде деле жасаса болот. Албетте аларда заманбап жабдыктар бар, бирок алар бизде деле бар да. Маселе, ошону кандай колдонууда, иштөө системасында эмеспи. Мисалы, Сеулда ооруканада ар бир жумуш үчүн өзүнчө адам бөлүнөт. Бейтапты дайыма бир адам көтөрөт, таштандыны башка бирөө чыгарат, наркозду атайын бекитилген медайым берет дегендей. Бизде хирург-ординатор таштанды тазалоо, бейтапты көтөрүү деген жумуштарды өзү жасаган учурлар болот. Ушунун айынын ишибиздин эффективдүүлүгү аксайт. Эгер ар бир адам өз милдетин так аткарса, бизде деле ошол көрсөткүчкө жетсе болот.

Экинчи маселе, Түштүк Кореяда дартты пайда болгондо эле жок кылышат экен. Бир бейтапты ашказандын өсмө (рак) оорусу деп операцияга алып келишиптир. Мен 10-20 сантиметр өсүп кетсе керек деп элестеткем. Бирок ал 2 миллиметр шишик менен келиптир. Аны көз менен деле көрө албайсың, атайын аппарат менен текшерип табышкан. Аны маркер менен белгилеп, операцияга жаткырышты. Ал бейтаптын жашап кетүү ыктымалдыгы албетте жогору болот. Бизде 10 сантиметр шишик менен келишет, андай учурда жашап кетүү ыктымалдыгы 3%. Эмне үчүн Кыргызстанда көп адамдар операция болгондон көп өтпөй каза болушат? Себеби, догдурга кеч кайрылабыз.

- Түштүк Кореяда медицинаны өнүктүрүүгө мамлекет дагы, коом дагы кызыкдар окшойт деп ойлойм. Себеби, медиктер тууралуу көркөм тасмаларды көп тартып, алардын ишин пропаганда кылып турушат экен.

- Мамлекеттин колдоосу өтө жогору. Камсыздандыруу медицинасы бар, менин билишимче. 80% мамлекет камсыздайт, 20% бейтап өз чөнтөгүнөн төлөйт. Корейлер камсыздандыруу компанияларына айына акча төлөп турушат. Биз дагы ушул ыкмага өтсөк, жарандардын өз саламаттыгына болгон жоопкерчилиги жогорулайт беле деп ойлойм. Бизде камсыздандыруу медицинасы десең эле "акчам жок" деп айтышат. Ошол эле маалда шерине, той, дагы башкаларга акча оңой табылат. Ден соолукка келгенде эле акчаны аяп калабыз. Бирок айтка кетүү керек, байкаганым, ковидден кийин өз ден соолугуна кам көргөндөр көбөйө баштады. Мага кайрылгандар арасында “азыр бир аз тумоолоп жатам, оорудан кантип сактансам болот” дегендер бар. Мурда "өтүмдөгү ташты кантип алдырсам болот, операция алдында эмне кылуу керек?" дегендер көп болчу.

"Эл эмнеге тармактык маркетингге ишенет?"

- Сиз өзүңүз деле байкасаңыз керек, азыр атайын адистик билим албай эле социалдык тармак аркылуу элге медициналык, психологиялык кеп-кеңеш бергендер аябай көп. Керек болсо "гепатит төөнүн сүтүн ичсе жок болот" же "баланча витамин боордун циррозун жеңет" деп жаңылыш ой жараткан адамдар бар. Бул көрүнүшкө кандай карайсыз?

- Мурда адамдар бир гана дарыгердин айтканын кылса, азыркы учурда ошол тармак менен анча-мынча тааныш адамдардын айтканын кылып жатышат. Мисалы, өзү туура тамактанган адам тажрыйбасын элге сунуштайт, дагы бири кыска убакытта нутрициологияны окуп алып кеп-кеңеш бере баштайт. Бул жерде жоопкерчилик ошол маалыматты кабыл алып жаткан адамда. Кандай маалымат болбосун чыпкалап, анализдегенди билүү керек.

Мисалы, адистик билими жок, бирок медициналык кеңеш берген адамдын айтканын кылардан мурда “бул өзү кайсы маалымат булактарын окуган, мага сунуштаган нерсени өзүнө кылды бекен, менин организмим анын айтканын көтөрө алабы?” деп ойлонушу кажет. Азыр тармактык маркетингде иштегендер ар кайсы витаминдерди сунуштап атышат. Эл аны социалдык тармактан көрүп эле ишенип ичүүдө. Дары базарын көзөмөлдөө аябай кыйын экен. Ошондуктан жоопкерчилик бир гана элдин өзүндө. Маалымат алып жатканда “бул ким, билими барбы, өзү ушул нерсени кылабы, кайсыл изилдөөлөргө таянып айтып жатат?” деген суроону дагы бере жүрүшү керек.

- Айланып келип эле маселе сынчыл ой-жүгүртүүнү, маалыматты талдай билүүнү үйрөнүүдө жатат турбайбы...

- Эмне үчүн тармактык маркетингде же дарыканада иштегендерге карапайым эл ишенет, бирок догдурларга андай ишеним жок деген суроону изилдеп көрдүм. Аны билүү үчүн тармактык маркетингде жүргөндөрдүн жыйындарына акы төлөп да катыштым. Көрсө, витамин саткандардын көбү адамдын ичи-коюнуна кирип, жылуу сүйлөп “бул витаминди ичсеңиз сөзсүз жардам берет, келечекте баары жакшы болот, айыгып кетесиз” деп үмүт бергенди билет экен. Витаминдерди да изилдеп көргөм. Айрымдары чындап эле пайдалуу. Бирок аларды ичүүдөн мурда медициналык текшерүүдөн өтүү абзел. Мисалы, адамдын боору начар иштеп жатса, витамин ичүүдөн мурда аны дарылаш керек. Витамин жүз адамдын бирине жардам берди дейли. Анан ошол адам “мага жардам берди” деп Инстаграмга чыгарса, аны көргөн башкаларда “аа, мага да жардам берет турбайбы” деген ой пайда болот. Балким 99% адамга жардам берген эместир, аны ойлонгондор аз.

Кыргызстанда дарыгерлерге билим бергенде коммуникация көндүмдөрүн үйрөтпөйт экен. Ал эми тармактык маркетингде жүргөндөр маалыматты таасирдүү жеткирүү боюнча атайын тренингдерден өтүшөт. Мен өзүм сүйлөө чеберчилигин курска барып жүрүп өздөштүргөм. Президентке караштуу клиникада иштеп жүргөндө ал жакта жаткан профессор агайлар менен сүйлөшүп, эл менен мамиле курганды үйрөндүм. Көпчүлүк дарыгерлер андай курстарга барбайт. Эгер маалымат жеткиргенди үйрөнсөк, балким, эл медиктерди көбүрөөк уга баштамак. Азыркы заман ушундай, операция жасаганды билсең, сүйлөгөндү, эл менен мамиле курууну дагы ошондой билишиң керек.

Хирургдар эгоистпи?

- Дарыгерлер демекчи, кээ бир ооруканаларды бир дарыгер узак жылга чейин башкарган учурлар бар. Анан сиздин кесиптештериңиз, айрыкча жаш медиктерден "ишин жакшы билген таланттуу, оорукананы жетектеген дарыгерлер көп учурда жаштарга билгенин үйрөткүсү келбейт" деп даттангандарын угуп калам. Айрымдары ординатурада окуп жүргөндө тажрыйбалуу дарыгерлерди сыйлап, "көңүлүн алууга" аракет кылат дешет. Мунун канчалык чындыгы бар?

- Окурмандар окуп жатса, мени агайларына капачылыгы бар окшойт деп түшүнүп калышы мүмкүн. Бирок капачылыгым деле жок. Бирок айрым нерселерди ачык айтуу керек, балким постсоветтик өлкөлөрдө, анын ичинде бизде ушундай көрүнүштөр кездешет. Дарыгерлер арасында жаштарга билгенин үйрөткөндөрү дагы, үйрөтпөгөндөрү дагы бар. Бирок үйрөтпөгөндөр көбүрөөк. Бул көйгөйдүн себеби эмнеде? Мисалы мен хирургмун, биздин чөйрөдө "канчалык көп операция жасасаң, акчаны ошончо көп аласың" деген түшүнүк калыптанган. Мисалы, бир күндө он операция кылсаң, анын баарынан акча түшөт. Бирди кылсаң, бирөөнүкүн эле аласың дегендей. Жаштар менен чогуу жасасаң, алар менен бөлүшүү керек деген маселе жаралат. Ал эми башка өлкөлөрдө дарыгердин маянасы жакшы, операция кылсаң да, кылбасаң да ошол акчаны аласың. Эгер бизде да маяна маселеси чечилсе, көз караштар өзгөрүшү мүмкүн. Мен азыр жаш хирургдар менен таанышып, сүйлөшүп калам. Арасында “Эгер мен ушунча хирургдун үйрөнүүсүнө жардам берсем, бир команда болуп чоң ийгиликке жетишебиз” дегендер бар. Улуулардын арасында деле андайлар бардыр, тилекке каршы алар аз.

- Акча демекчи, сиз он жылдык тажрыйбасы бар хирургсуз. Кыргыз коому эмнегедир хирург десе эле бычагын жалаңдаткан адисти элестетет. Айрыкча ашказан, өтү ооругандар "барсак, дароо кесиш керек деди" деп таарынган учурларды көп угабыз. Мындай жаманатты болуунун себеби эмнеде деп ойлосуз? Сизге катуу тийсе керек, бирок эл арасында "хирургдар акча алыш үчүн деле операция дей беришет" деген сөздөр чынбы?

- Бул тармакты жакшы билген, хирургия бөлүмүндө 10 жылдай иштеген адис катары сурооңузга ачык жооп берейин. Биздин агайларыбыз бейтап келгенде эле операция дешчү. Балким бул алардын көп жылдык тажрыйбасынан улам пайда болгон ички туюмдур. Бир чети хирург ишенимсиз сүйлөсө, бейтап оорусу катуу экенине карабай операция кылдырбай коюшу мүмкүн. Бирок анын кесепети оор болот. Ички туюму күчтүү хирургдар "өтүшүп кетет, дароо эле жасап салыш керек" деп ачык айтып, убакытты үнөмдөгөнгө аракет кылышат.

Жана айткандай, Кыргызстанда медиктердин айлыгы аз болгондуктан кээ бир хирургдар операция аркылуу кошумча каражат тапкысы келиши мүмкүн. Бирок мен дарыгерлердин 100% ушундай деп айта албайм. Бул ар бир адамдын өз абийириндеги иш. Өзүм тууралуу айтсам, хирургияда иштеп жүргөндө мүмкүнчүлүк болсо дарылоонун башка жолдорун издеп, операцияга жаткырбоого аракет кылчумун.

- Балким, кептин баары аң-сезимде?

- Ал жагы да бар. Мен медиктердин арасынан “хирургдар эгоист болушат” деген сөздү угуп калам. Ошондон дагы болушу мүмкүн.


Автор: Санжи Туйтунова, “Азаттыктын” Бишкек бюросунун кызматкери


Булак: "Азаттык" үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн