Бугу 02, 2024
Убакыт: 02:51
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Испанияда коронавирустан өлгөндөр азайгандыктан морг жабылды

23.04.2020 18:31
828
Испанияда коронавирустан өлгөндөр азайгандыктан морг жабылды


Чет өлкөлөрдө COVID-19 боюнча кырдаалга мониторинг жүргүзүлдү.


АКШнын алдыӊкы изилдөөчү борборлорунун беш математикалык моделине ылайык, коронавирустан каза тапкандардын жогорку чеги ушул жумада болот. Өлүмдүүлүк деӊгээли келерки аптада төмөндөй башташы зарыл.


Германиядагы Поль Эрлих институту COVID-19 вирусуна каршы вакцинанын алгачкы клиникалык сыноолорду баштаарын жарыялады. Вакцинанын биринчи үч сыноосу 18 жаштан 55 жашка чейинки 200 дени сак ыктыярчыга жүргүзүлөт.


Мадриддеги Palacio de Hielo муз аянтында уюштурулган морг Испанияда коронавирустан кайтыш болгондордун саны азайгандыктан жабылды. Шаардын түндүгүндөгү соода борборунда жайгашкан муз аянтчасы аймактагы ооруканалардагы жана сөөктү коюу кызматтарындагы кырдаалды жеӊилдетүү максатында убактылуу табытканага айланган алгачкы объект болду.


Британиялык эксперттер изоляция чараларын тез жоюунун коркунучун эскертишти. Алардын пикиринде, коронавируска чалдыгуунун экинчи толкуну күтүлүүдө, ошондуктан өлкөлөр изоляция чараларын басаӊдатууда өтө кылдат болууга тийиш.


Грузия Парламенти карантиндик бузуулар үчүн айыптардын өлчөмүн азайтуу үчүн административдик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карап жатышат. Эгер өзгөртүүлөр кабыл алынса, жазалар 2-майдан баштап азаят. Бул учурда жеке адамдарга айыптар – 3 000 ларинин ордуна (болжол менен $941) 2 000 лари (болжол менен $630) болот, ал эми юридикалык жактарга — 15 000 ларинин ордуна (болжол менен $4 705) 10 000 ларини (болжол менен $3 136) түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн