Теке 27, 2024
Убакыт: 20:34
USD
83.60
84.50
EUR
90.60
91.60
RUB
0.960
0.995

Издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. Ал Жалал-Абад шаарынан кармалган

17.05.2024 14:29
471
Издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. Ал Жалал-Абад шаарынан кармалган


Укук коргоо кызматкерлери чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Кыргызстандын аймагына кирген Өзбекстандын 42 жаштагы жаранын кармашты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Жалал-Абад ОИИБдин ыкчам кызматкерлерине чек араны мыйзамсыз кесип өткөн коңшу өлкөнүн жараны шаарда жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Укук коргоо кызматкерлери издөө иштерин баштаган.


«Жалал-Абад шаарында 2023-жылы оор кылмыш жасагандыгы үчүн өз өлкөсүндө издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны 42 жаштагы У.А. кармалды», - деп айтылат маалыматта.


Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» беренеси менен катталган. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн