Бугу 20, 2024
Убакыт: 02:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Изник шаарында «Манас» айттырып, Гиннеске киргизүү талкууланды

31.03.2022 09:47
998
Изник шаарында «Манас» айттырып, Гиннеске киргизүү талкууланды

Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Бурса шаарынын мэриясынын Маданият жана Туризм департаментинин жетекчилиги жана Бурса шаарынын туристтик агенттиктердин жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, жыйында Кыргызстан тууралуу презентация жасалып, өлкөгө туристтерди тартуу жана өлкөнүн туристтик потенциалы тууралуу кенен маалымат берилди.


Мындан тышкары, түрк тарап Бурса шаарынын мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырып, өз кезегинде кол өнөрчүлүк боюнча ар кандай мастер-класстарды өткөрүү, эл аралык кыска метраждуу тасмалар фестивалына катышуу, Түркиянын жана Кыргызстандын журналисттери үчүн инфотур өткөрүү жана Түркиядан туристтерди тартуу үчүн Кыргызстанга саякат жасоону сунуштады.


Өз кезегинде Азамат Жаманкулов Түркиянын Изник шаарында «Манас» эпосун айтууну уюштуруп, Гиннесстин рекорддор китебине киргизүүнү сунуштады.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн