Бугу 06, 2024
Убакыт: 01:55
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Эртең Газа секторундагы кырдаалды талкуулоо үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөт

12.10.2023 10:23
1602
Эртең Газа секторундагы кырдаалды талкуулоо үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөт


13-октябрда Газа тилкесинин айланасындагы кырдаалды талкуулоо үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны болорун дипломатиялык булактарга таянуу менен Al Nadath телеканалы билдирди.


Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы ХАМАСтын Израилге кол салуусунан кийин согуштук аракеттердин күчөшүн токтотуу үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын Саудиянын мамлекеттик маалымат агенттиги SPA билдирди.


"Падышалыктын позициясы карапайым калкка кол салууну жана бейкүнөө адамдардын өмүрүн кыйууну четке кагат жана эл аралык гуманитардык укуктун принциптерин урматтоо зарылдыгын баса белгилейт", - деди ханзаада Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө.


БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш жарандарды азык-түлүк, отун жана суу менен камсыздоого чакырып, “тез жана тоскоолдуксуз гуманитардык коридор” керектигин айтты.


Израил бийлиги ХАМАСты жер бетинен жок кылууга убада берди. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху согушкерлерге каршы күрөштү улантууга убада берип, топтун ар бир мүчөсү “өлдү” деп билдирди. Ал өз билдирүүсүндө ишембидеги чабуулдан кийин Израилдин ХАМАСты жок кылуу ниетин биринчи жолу ачыктады. Коргоо министри Йоав Галант Израил "ХАМАСты жер бетинен жок кылууну" көздөп жатканын кошумчалады.


Беньямин Нетаньяху менен Улуттук биримдик партиясынын лидери Бенни Ганц чукул өкмөттү жана “согуш кабинетин” түзүүнү макулдашты.


АКШ, Израил, БУУ жана Египет Газага жардамдын жеткирилиши жана айрым тургундардын бошотулушу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат, бирок учурда тилкеде эч кандай көзөмөл-өткөрүү пункттары иштебейт. 7-октябрдагы ХАМАСтын чабуулунан кийин Израил менен чек арадагы бардык өткөрүү пункттары жабылган.


Израилдин куралдуу күчтөрү Газа секторуна сокку уруусун улантууда, ал жерде күйүүчү майдын жетишсиздигинен жападан жалгыз электр станциясы иштебей калган. Кошумчалай кетсек, Израил "Хезболланын" ракета учуруусуна жооп катары Ливанга сокку урду.


АКШнын мамлекеттик катчысы Американын Израилге каршы мүмкүн болуучу агрессияны токтотуу ниетин билдирди.


Акыркы бир нече саатта Израилдин Газа тилкесиндеги аба соккуларынан 51 палестиналык набыт болуп, 281и жарадар болгонун Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Буга чейин Палестина тараптан каза болгондордун саны 1 миң 100дөн ашканы айтылган.


Израилде ХАМАСтын чабуулунан кеминде 1200 киши набыт болду.


7-октябрда Израил-Палестина жаңжалынын дагы бир күчөшү болду. Хамас согушкерлери Израилдин шаарларына ири ракеталык чабуулдарды жасап, анын аймагына басып кирген. Тель-Авив согуш жарыялаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн