Бугу 05, 2024
Убакыт: 19:39
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Израиль менен Газа секторунун ортосундагы абал чыңалууда

07.10.2023 18:20
1501
Израиль менен Газа секторунун ортосундагы абал чыңалууда


Израилдин Коргонуу министрлиги Газа сектору тараптан ракеталык чабуулдар азайбагандыктан аскерлерди жапырт жыйнай баштадык деп жар салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгууда. 


Маалыматка ылайык, Израилдин армиясы согушка даяр экендигин билдирген. Тель-Авивде күч түзүмү менен өлкө жетекчилиги кеңешүүгө отурган.


Ал эми ХАМАСтын аскердик канатынын башчысы Израилге каршы согуштук операцияны баштагандыгын кабарлаган. Аскер жетекчилигинин айтымына таянсак, алардын аймагына беш миңге чукул ракета коё берилген.


Палестиналыктар Израил басып алган аймактарга киришүүдө, алар райондордун бириндеги полиция участогун басып алышкан. Израилдин армиясы менен палестина аскерлеринин ортосунда атышуу болгон. Бир нече израилдик жоокерлердин туткунга түшкөнү боюнча бейрасмий маалыматтарда айтылууда.


Израилдин түштүгү менен борборунда аэропорттор жабылган. Израиль армиясына таандык дүйнөдөгү коргонуу мүмкүнчүлүгү эң мыкты деп аталган Merkava IV танкасы жок кылынган.


Газа секторуна бир канча палестиналыктардын израилдик күч түзүмдөрүнө таандык жолтандабастар менен кайтып келгени айтылды.


Израиль армиясы Газа секторун ракета менен аткылай баштаганы кабарланды.


Расмий маалыматтарда көз жумгандар тууралуу айтылган элек. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн