Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 02:34
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газа тилкесине барды

27.11.2023 10:19
2159
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газа тилкесине барды


Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газа тилкесине барып, палестиналык Хамас кыймылына каршы согуш улана турганын айтты.


«Биз акырына чейин - жеңишке чейин улантабыз. Бизди эч нерсе токтото албайт», - деди ал.


Премьер-министр Израилдин аскердик штабынын жетекчилиги менен анклавга барып, армиянын командирлери жана аскерлери менен сүйлөштү. Анын кеңсесинен алынган маалыматка караганда, премьер-министр Газада табылган ХАМАСтын жер астындагы туннелдеринин бирине да барды.


Нетаньяху: «Биздин бул согушта үч максатыбыз бар: Хамасты жок кылуу, уурдалгандардын бардыгын кайтаруу жана Газа тилкеси мындан ары Израил мамлекетине эч качан коркунуч болбошуна кепилдик берүү», - деди.


Белгилей кетсек, ХАМАС менен Израилдин тирешүү 7- октябрдан бери уланууда.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн