Баш оона 24, 2025
Убакыт: 03:56
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

ӨКМ: Бишкектеги курулуш материалдары сакталган кампалардан чыккан өрттүн аянты 5 миң чарчы метрге жетти

ӨКМ: Бишкектеги  курулуш материалдары сакталган кампалардан чыккан өрттүн аянты 5 миң чарчы метрге жетти


Бишкектеги Кулатов-Матросов көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуш материалдары сакталган кампалардан чыккан өрттүн аянты 5 миң чарчы метрге жеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.


Өрт тууралуу биринчи билдирүү 9-июнь күнү саат 01:19да келип түшкөн. Ламинат салынган кампалар күйүп жаткан.


Окуя болгон жерге 10 өрт өчүрүү бөлүмү, куткаруучулар тобу, ИИМдин үч бригадасы, тез жардам бригадасы жана «Тазалык» суу ташуучулары жөнөтүлгөн.


Саат 04:39да өрт чектөөгө алынган. Өрттү өчүрүү саат 13:00дө уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн