Теке 27, 2024
Убакыт: 16:39
USD
83.60
84.50
EUR
90.60
91.60
RUB
0.960
0.995

ӨКМ: Кыргызстандын аймагында нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөт

15.05.2024 17:37
611
ӨКМ: Кыргызстандын аймагында нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөт


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 16-18-майында өлкө аймагында нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөт.

Буга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМ жарандарга селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоону сунуштайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн