Бугу 08, 2025
Убакыт: 22:29
USD
87.30
87.80
EUR
98.60
99.60
RUB
1.040
1.090

ӨКМ: Өлкө аймагында нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү күтүлөт

08.05.2025 17:44
29
ӨКМ: Өлкө аймагында нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү күтүлөт


Өлкө аймагында 9-11-майда нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 


Маалыматка ылайык, бул мезгилде тоо этектериндеги жана тоолуу райондордо аба ырайы туруксуз болот. 


"Жаай турган нөшөрлүү жаан-чачындан улам сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт", — деп айтылат маалыматта. 


Кыргызгидромет бейшембиден баштап күндүн көзү бузулуп, ишемби жана жекшембиде көпчүлүк жерде жамгыр, тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн экенин билдирген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн