Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 26-июндан 27-июнга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.
Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарга төмөнкүлөрдү эскертет:
- сел коопсуздук эрежелерин сактоо;
- арыктарды тазалап, жээгин бекемдөөнү жана таштанды таштабоону;
- турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздоону;
- үй же сарай салууда жана эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл бурууну;
- сел учурунда дароо коопсуз жайга кетүүнү;
- мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүүнү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн