Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ӨКМ өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогорку экендигин эскертет

27.12.2023 14:05
188
ӨКМ өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогорку экендигин эскертет


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогорку экендигин эскертип, айдоочуларды этият болууга чакырды.

Ведоомствонун билдирүүсүнө караганда, 27синен 30-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Кар көчкү түшүү коркунучу жогору ашуулар:

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу) жана Мырзаке-Кара-
Кулжа-Алайку унаа жолунун 45-115 чакырымдары.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн