Бугу 04, 2024
Убакыт: 15:43
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

ӨКМ сел кырсыгынын кесепеттери боюнча маалымат берди

25.04.2024 12:52
103
ӨКМ сел кырсыгынын кесепеттери боюнча маалымат берди


Өлкө боюнча 20-апрелден 23-апрелге чейин 67 ирет сел жүргөнү катталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.


Анын айтымында, Ош облусунда 29, Жалал-Абад облусунда 18, Баткен облусунда 10, Талас облусунда 4, Чүй облусунда 4, Ош шаарында эки учур болгон.


"Сел 1 092 кожолукту каптап, анын ичинен 264 турак жайдын жер төлөсүнө суу кирген. Алдын ала маалымат боюнча, 253 үй канааттандырарлык абалда, тогуз үй капиталдык оңдоого муктаж, эки үй жараксыз болуп калган. Жети социалдык объектини суу каптап, бирөө жараксыз абалга келген. Мындан тышкары, чарбалык курулуштар, көпүрөлөр, арыктар, жолдор, сел өтүүчү каналдарды суу каптаган. 300 кожолук эвакуацияланып, жети жылкы, үч уй, жети кой сууга агып кеткен", — деди Шамырканов.


Ошондой эле ал сел жүргөн жерлерде Жарандык коргонуу комиссиясы иш алып барып жатканын белгиледи. Мындан тышкары, селдин кесепеттерин жоюуга ӨКМ тарабынан 23 техника, 685 куткаруучу жана 29 суу сордуруучу насос тартылганын кошумчалады.


Шамырканов селдин кесепетинен бир адам каза болгонун белгилеп, ошол учурда бир өспүрүм чагылган тийип көз жумганын маалымдады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн