Президент Садыр Жапаров «Баткен облусунун Кадамжай районундагы Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын сайтына жарыяланды.
Жарлыкка ылайык, Майдан айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо 2022-жылдын 9-октябрына дайындалды.
Белгилесек, Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу шайлоо өткөрүлөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн