Тогуздун айы 12, 2025
Убакыт: 10:08
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.070
1.095

Кадамжайда хатибият 170 үй-бүлөгө жардам көрсөттү (сүрөт)

13.04.2020 16:55
1204
Кадамжайда хатибият 170 үй-бүлөгө жардам көрсөттү (сүрөт)


Баткен облусунун Кадамжай районунун хатибияты 170 үй-бүлөгө жардам көрсөттү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Кадамжай шаарында 51 үй-бүлөгө, Айдаркен шаарында 15 үй-бүлөгө, Үч Коргон айылында 100 үй-бүлөгө , Халмион айылында 10 үй-бүлөгө 400 миң сомдук азык-түлүк таратылган.


Маалыматка таянсак, кайрымдуулук иш-чарасы Кадамжай районун баш имам хатиби Шакир ажы Маматовдун демилгеси менен уюштурулган, ал мындай кайрымдуулук иштери дагы улантыларын айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн