Бугу 05, 2024
Убакыт: 22:01
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Камчыбек Ташиев Кыргызстандын курама командасына тандоонун жаңы системасын сунуштады

21.02.2024 14:49
781
Камчыбек Ташиев Кыргызстандын курама командасына тандоонун жаңы системасын сунуштады


Кыргызстандын футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев Кыргызстандын улуттук курама командасына оюнчуларды тандоонун жаңы системасын сунуштады.


Бул тууралуу ал 20-февралда Кыргызстандын курама командаларынын жана Кыргызстандын Жогорку Лигасынын клубдарынын машыктыруучулары менен болгон жолугушууда билдирди.


«Президент Улуттук курама командага оюнчуларды тандоонун жаңы системасын киргизүү идеясын сунуштады, ал жакын арада команданын машыктыруучулар штабы менен талкууланат», — деп айтылат маалыматта.


Камчыбек Ташиев 19-февралда КФСнын президенттигине шайланган. Шайлоодон кийинки маалымат жыйынында ал Кыргызстандын курама командасына оюнчуларды тандоо темасына токтолду.


«Биз улуттук курамага тандоо принцибин толугу менен өзгөртөбүз. Ар бир оюнчуну текшеребиз. Анын мүмкүнчүлүктөрүн текшерип, жардам көрсөтүп, шарт түзүп беребиз. Футболчулар өздөрү качпай, улуттук курама командага өтүүгө аракет кылышы керек», - деди Ташиев.


Катарда өткөн Азия Кубогунун алдында КФСнын жетекчилиги курама команданы жашартуу багытын белгилеп, курамага жашы улуу оюнчуларды чакыруудан баш тарткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн