Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 03:28
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Канат Шабдалиев: Шаарга келгенде Чынар, Гүлзада менен чер жазышып турам

17.01.2023 13:44
6042
Канат Шабдалиев: Шаарга келгенде Чынар, Гүлзада менен чер жазышып турам


К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык  драма театрдын актёру менен маек.


- Канат иним, сага көпчүлүк жигиттердин ичтери күйөт. Себеби, сен ордо калаага келген сайын биздин таанымал кыз-келиндерибиз талашып жатып калышат экен. Мунун сыры эмнеде?


- Биринчиден, өзүм туулгандан ушундай симпатичный, красавчик жигитмин. Кээде ушундай талаштардан чарчаганда “эмнеге мындай, адамдан башкача жаралгам?” деп өзүмдү сөгүп жиберем (күлүп). А чынында мени ким талашмак эле? Ал жөн эле достук азилдер да. Баары ушул Фейсбук айдыңында таанышкан досторум. Башкалар саясат менен алек болуп, бири-бирин поктоп, негатив менен кырылышып жатканда, биз бири-бирибизге жылуу сөз арнап, жакшы сезим тартуулап, тамаша курабыз. Ортобуздагы сый мамиледен башка ич күйгүдөй деле эч нерсе жок. Бишкекке келип калганда ошол эле Гүлзада Шаршеналиева, Чынар Капаровалар менен жолугушуп, чайлашып, ортобузду күлкүгө толтуруп, чер жазышып турабыз. Ал эми кээ бир адамдар башкача ойлошу да мүмкүн. Эми Кудай алдында таза жүрсөк болду да.


- Эки жүз сомдук турсий эмне болду, тарых-таржымалы барбы?


- Борборго келсем, бир кыздын отуз миң долларлык сааты катуу талкууланып жатыптыр. Бир чети таңгалдым, “мынча кымбат буюмдун жоголгонун билбей жүрө берген кандай бай кыз?” деп. Экинчиден, өзүмдү ордуна коюп көрдүм, “эгер менин кымбат буюмум жоголсо кандай болот эле?” деп. Мындан 20 жыл илгери Ак-Суу курортуна достор менен эс алууга барганбыз. Өзүнчө бөлүнгөн бир кишилик номерлер бар экен. Мен бир номерге кирип, ваннага суу толтурайын десем, крандын напору күчтүү өңдөндү. Ваннадан агып кетчү тешикти жалпак резина менен жаап коёт экен. Улам эле суу акчу тешиктеги резинасы жылып кетип, суу тешиктен ага берип, азапты берди. Жиним келип, ары жакта илинип турган турсийимди алып келип, баягы тешикти бүтөп коёюн деп тыга салсам эле "булк-блук" деген бойдон турсийди тешикче соруп, тартып кетти. Ошол жерден өң өзгөрдү да. “Ту-уй ата! Эми аялыма эмне деп барам...” деген ой “шак” келди. Бозала болуп эле сууга да түшкөн жокмун. Чала-була чайканып алып эле, досторду шаштырып үйгө кетип калгам. Үйдөн кантип билбей коёт? Билген. Болгонун болгондой айтып берсем, бир топко чейин ишенбей жүрдү, көзүнүн төбөсү менен улам-улам карап. 


- Караколдон Бишкекке мобу Асанбай кичирайонуна барып келгендей каттап атасың. Театрда иш жокпу же сага роль тийбей калганбы?


- Өзүңүз билгендей, 1999-жылы Алматыда Темирбек Жургенов атындагы театр жана кино академиясынын актёрлук бөлүмүн аяктап келгенден бери Ысык-Көл облустук К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында актёр болуп эмгектенип келем. Учурда Султан Раевдин “Күн кармаган бала” аттуу чыгармасын коюп жатабыз. Казакстанда башкы режиссёр болуп иштеп жүргөн өзүбүздүн мекендешибиз Уланмырза Карыпбаев коюп жатат. Кудай буюрса, ушул айдын аягында көрүүчүлөргө тартуулап калабыз деген үмүттөбүз. Мен ал чыгармада баш каарманды ойногон Басыт Атакулов деген аткаминерлердин улуу баласын, көпкөн чиновникти ойнойм. Бул роль мага куп жарашып атат.



Маектешкен: Сурат Жылкычиев 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн