Жетинин айы 11, 2025
Убакыт: 16:21
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.070
1.100

Оштогу чек арачыларга жаңы кызматтык үйлөр тапшырылды

11.11.2025 14:14
16
Оштогу чек арачыларга жаңы кызматтык үйлөр тапшырылды


Ош облусунда чек арачыларга жаңы кызматтык батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, УКМК төрагасынын биринчи орун басары — Чек ара кызматынын директору Абдикарим Алимбаев, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.


Жаңы турак жай комплекси УКМК Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын «Карамык» тоолуу жана алыскы чек ара заставасынын аймагында курулган. Заманбап кызматтык үй 1 жана 2 бөлмөлүү 18 батирден турат.


Жашоо үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды камсыздоо максатында комплекс аймагында балдар аянтчасы, спорт аянтчасы, көмүр кампасы бар казанкана жана трансформатордук көмөк чордон курулган.


Мындан тышкары, суу сактагыч резервуарлар, анын ичинде өрт коопсуздугу үчүн сактагыч жана саркынды сууларды агызуу системасы каралган.

Турак жай комплекси жашылдандырылып, көрктөндүрүлүп, ички жолдор жана унаа токтотуучу жайлар жасалган.


Жаңы батирлердин ээлерине ачкычтарды тапшырып жатып, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек арачылардын муктаждыктарына мамлекет тарабынан туруктуу көңүл бурулушунун маанилүүлүгүн белгиледи.


"Чек ара кызматы өлкөнүн коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылууда, айрыкча, жетүүгө кыйын болгон бийик тоолуу райондордо өзгөчө жоопкерчиликти аркалайт. Өлкөбүздүн чек арасында күн сайын күзөттө тургандарга мамлекет татыктуу шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү. Биз мындан ары да аскер кызматчыларынын социалдык камсыздоосуна көңүл буруп турабыз, анткени алардын ишенимдүү жана бакубаттыкта болгондуктары мамлекеттик чек аранын ишенимдүү кайтарылышына түздөн-түз таасир этет", - деди ал.


Чек ара кызматынан белгилешкендей, батирлер чек арачыларга, ошондой эле башка укук коргоо түзүмдөрү менен өз ара аракет алкагында чек ара коопсуздугун жана аймакта тартипти камсыздоо маселелеринде ведомстволор аралык кызматташтыкты бекемдөө үчүн батирлердин бири ички иштер органынын - Чон-Алай районунун Карамык айылынын милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерине тапшырылды. 


Бул чечим чек ара коопсуздугун жана аймактагы коомдук тартипти камсыз кылууда мекемелер аралык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт 

Объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, белгиленген мөөнөттө — бир жарым жылда толук аяктады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн