Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кара-Суу районунун тоолуу айылында 25.5 млн сомдук оорукана ачылды

26.12.2020 18:26
5609
Кара-Суу районунун тоолуу айылында 25.5 млн сомдук оорукана ачылды


Ош облусунун Кара-Суу районунун Чайчи айылында аймактык оорукананын бөлүмү ачылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти. 


Маалыматка ылайык, 25-декабрь күнү 15 орундуу оорукананын ачылышы болуп өткөн. Оорукананын ачылыш аземине өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Кара-Суу районунун акиминин милдетин аткаруучу Капар Адиев катышты.


Оорукана республикалык бюджеттен каржыланат, анын курулушуна 25 миллион 500 миң сом сарпталган. Оорукананын 1-кабатында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, экинчи кабатында соматикалык бөлүм бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн