Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кара-Сууда кызмат абалынан пайдаланган аткаминерлер кармалды

15.01.2024 14:05
318
Кара-Сууда кызмат абалынан пайдаланган аткаминерлер кармалды


Кара-Суу районунда милиция кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен бир катар аткаминерлер кармалды

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, Жер ресурстары кызматынын Кара-Суу филиалынын кызматкерлери тарабынан Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы участокто жайгашкан турак жайдын курулушун аяктоо боюнча эскертүү берилгени аныкталган. Ошондой эле курулуш аяктагандыгы тууралуу аталган билдирүүнүн негизинде "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынын кызматкерлери тарабынан турак жайга техникалык паспорттор берилген.

Бул дарекке Кара-Суу филиалы тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын мүчөлөрү барып, бирок комиссиянын мүчөлөрү жогоруда көрсөтүлгөн участокто эч кандай имарат жок экенин аныкташкан.

Аталган факт боюнча КР Кылыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде Кара-Суу районунун мамлекеттик мекемелеринин биринин жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн мурдагы адиси 1978-жылы туулган О.Б. жана Кара-Суу районунун архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы адис жана бөлүм башчысы 1984-жылы туулган С.К. аттуу шектүүлөр кармалып, камакка алынган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Кара-Суудагы банктардын биринин насыя берүү бөлүмүнүн башчысы И.О. өзүнүн кызматтык милдеттеринен аша чаап, банктын кызыкчылыктарына каршы жана жеке пайда алуу максатында Кара-Суу районунун тургундары менен өз ара сүйлөшүп, жогорудагы кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунун пайдаланышып, аларга насыя алууда документтерди жасалмалоо жолу менен банктан 18 млн 125 миӊ сомдук насыя алууга жардам берип, банкка өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтиргендиги аныкталган.

Топтолгон материалдын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексини 245-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу") менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү И.О. да камакка алынды.

Кармалган Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн