Бугу 21, 2024
Убакыт: 13:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Караколдо Эмгек күнүнүн урматына шаардык марафон өтөт

30.04.2024 11:22
721
Караколдо Эмгек күнүнүн урматына шаардык марафон өтөт


Караколдо 1-май - Эмгек күнүнө карата “100 спортчу” аттуу жогорку деңгээлдеги шаардык марафон өтөт. 

Мэриядан билдиришкендей, жарышка 14 жаштан 35 жашка чейинки жарандар катышса болот. 

Старт «Жеңиш» сейил багында берилип, жарыштын катышуучулары Гебзе, Токтогул, Абдрахманов көчөлөрү менен чуркап өтүп, кайра сейил бактагы марага келишет.

Марафонго 100 гана адам катыша алат. Катышууну каалагандар 0501 12 09 24 телефону боюнча алдын ала жазылуусу керек.

1-майда саат 10.00дө жарышка камынгандар шаардын борбордук аянтына келүүсү зарыл.

Марафондун катышуучуларына сертификаттар жана атайын белектер тапшырылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн