Бугу 05, 2024
Убакыт: 02:00
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кайра шайлоо: Турсунбай Бакир уулуна дагы эскертүү берилип, айып салынды

28.08.2023 09:20
4039
Кайра шайлоо: Турсунбай Бакир уулуна дагы эскертүү берилип, айып салынды


Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Турсунбай Бакир уулу БШКнын жумушчу тобунан экинчи жолу эскертүү алып, айып салынды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.


Маалым болгондой, буга чейин мандат алуу үчүн талапкерге үгүт иштеринин шарттарын бузгандыгы жана май айындагы өнөктүк маалында колдонгон баннерлерди мөөнөтүнөн мурда орноткондугуна байланыштуу эскертүү берилген.


Бирок ал БШКнын талабын этибарга албай, Бишкектин Бакаев-Гагарин, Асаналиев-Гагарин көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган көрнөк-жарнактарды демонтаждабай койгон.


Бул жолу жумушчу топ жөн гана эскертүү менен чектелбей, Турсунбай Бакир уулуна 12,5 миң сом айып салды.


Белгилей кетсек, 10-сентябрда бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда парламенттин депутатын кайра шайлоо өтөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн