Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Казак-өзбек чек арасы толук чечилди. Президенттер ратификацияга кол койду

23.12.2022 08:19
941
Казак-өзбек чек арасы толук чечилди. Президенттер ратификацияга кол койду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Өзбекстанган жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында казак-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча келишимге кол коюлду.


Ташкентте президенттер Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев тарыхый делген казак-өзбек чек арасын демаркациялоо келишимине кол коюшту. Бул маселе боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары жай айында Алматы шаарында жолугушкан.


Казакстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 2300 чакырымдан ашат. Чек араны тактоо 2003-жылы, талаа иштери 2004-жылы башталган.


2002-жылы Астана менен Ташкенттин ортосундагы "Казак-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө" келишимге ылайык, чек арадагы Багыс айылы менен Арнасай суу сактагычы Казакстанга берилген. Ал эми казактар жашаган Түркстан айылы жана Кызыл-Ордо облусундагы үч калктуу конуш Өзбекстанга өткөн.


Булак: "Азаттык"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн