Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Казакстан чек арада жүк ташуучу унаалар үчүн текшерүүнү күчөтүрүн билдирди

06.05.2022 14:19
479
Казакстан чек арада жүк ташуучу унаалар үчүн текшерүүнү күчөтүрүн билдирди

Кыргызстандан келе жаткан жүк ташуучу унаанын ичинен 1,1 миллион даана Беларустун жасалма акциздик маркасы аныкталды. Бул тууралуу Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети билдирди.

Маалыматта Кыргызстан менен өз ара соодалашууда көмүскө товар жүгүртүүнү азайтуу боюнча иштер туруктуу негизде жүргүзүлүп жатканы айтылат.

"Кыргызстандын кара ниет ишкерлери жетишилген келишимдерди пайдаланып өзүнүн жашыруун схемаларын колдонуу менен контрафактылык жүктөрдү Казакстанга алып кирип жатышат. Мисалы, 28-апрелде КРден келе жаткан автоунаадан 1,1 миллиондон ашуун Беларустун жасалма акциздик маркасы аныкталды. Мындан сырткары, документте көрсөтүлбөгөн 2000ден ашуун товар чыкты. Алар видеобайкоо системасы, кийим жана спорттук шаймандар болгон", — деп жазылат маалыматта.


Ошондой эле коңшу өлкө кыргыз-казак чек ара бекетинде текшерүү солгундаганына байланыштуу Россияга транзит катары өтөт деген жасалма документ менен Казакстанга майнинг жабдуулары жана электрондук тамекилер кирип жатканын билдирүүдө.

"Үстүбүздөгү жылдын апрелинде майнинг жабдууларын ташыган алты факт аныкталды. Алар транзиттик товар катары чек арадан өтүп, бирок Казакстандын аймагына түшүрүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети бизнес субъектилеринин мындай аракети ЕАЭБдеги өнөктөш өлкөлөрдүн бюджетин чыгымга учуратарын белгиледи. Буга байланыштуу чек арадагы көзөмөл күчөтүлөрүн эскертти.


Булак: "Спутник Кыргызстан"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн