Бугу 05, 2024
Убакыт: 14:12
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Казакстан менен чек арага жакын жерде жашырылган курал-жарак жана жардыруучу зат табылды

Казакстан менен чек арага жакын жерде жашырылган курал-жарак жана жардыруучу зат табылды

Таласта курал-жарак жана жардыруучу заттардын жашырылган жери табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 2-февралда Кара-Буура районунун Казакстан менен чектешкен тоолуу аймагынан жашыруун жай табылып, андан (РГД-5) жарылуучу зат жана номерлери өчүрүлгөн 12-калибрдеги жылмакай мылтык табылып алынган.


Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн