Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Казакстанда 5-июнда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтөт

06.05.2022 08:56
854
Казакстанда 5-июнда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтөт

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча жалпы элдик референдум өткөрүүнү 5-июнга белгиледи. Бул тууралуу жарлыкка ал кечээ, 5-майда кол койду.


“Конституциялык реформа жалпы мамлекеттик моделди комплекстүү түрдө трансформациялоого багытталган. Өзгөртүүлөр “суперпрезиденттик” башкаруу формасынан таасирдүү жана отчёт бере турган өкмөтү бар президенттик башкарууга толук өтүүнү бекитет”,- деди Токаев кайрылуусунда.


Буга чейин Сенат менен Мажилистин депутаттары “Референдум өткөрүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген. Ага ылайык, “Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин макамын бүткүл элдик добуш берүүгө чыгарылбайт” деген норма жоюлган. Президент кечээ бул мыйзамга да кол койду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн