Баш оона 23, 2025
Убакыт: 01:56
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.070
1.100

Казакстанда коронавирус жуктургандар 7 миңден ашты

21.05.2020 16:01
1269
Казакстанда коронавирус жуктургандар 7 миңден ашты


Казакстанда бир сутка ичинде коронавирус илдетинин жаңы 265 учуру катталды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 7 234 адамга жетти. Алардын ичинен илдеттен айыккандар 3777 бейтапты түзсө, каза болгондор 35 кишиге жетти.


Эске салсак, коронавирус илдети 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 вирусун 11-мартта пандемия деп тапкан. Учурда дарт 188 өлкөдө катталып, ага чалдыккандардын саны 5 014 943 бейтапты түздү.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн