Бугу 03, 2024
Убакыт: 01:52
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

«Казакстанды колдоонун 112 сааты» марафону өтөт

11.04.2024 20:28
241
«Казакстанды колдоонун 112 сааты» марафону өтөт


Казакстандагы селдин кесепеттерине эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу максатында уюштурулган «Казакстанды колдоонун 112 сааты» марафону өтөт.

2024-жылдын 15-апрелинде Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.  Бул дүйнө жүзүндөгү атактуу, таасирдүү инсандарды жана жөн гана ак көңүлдөрдү бир аянтчага  бириктирген ири иш-чара. Марафон түз каражат чогултууга эмес, маалыматтык колдоо жана жабырлануучуларга жардам көрсөтүү аракеттерин чагылдырууга багытталган.

112 сааттык үзгүлтүксүз түз эфирде марафондун катышуучулары өздөрүнүн окуялары, таланттары жана дем берүүчү сөздөрү менен бөлүшөт, маанилүү маек, керектүү кеп курушат.

Марафондун негизги миссиясы — глобалдык тилектештиктин күчүн көрсөтүү жана адамдарды Казакстан өкмөтүнүн расмий маалыматтарына кайрымдуулук үчүн салым кошууга үндөө, ошону менен буга чейин берилген жардамдын эффективдүүлүгүн жогорулатуу.

«Казакстанды колдоонун 112 сааты» марафону жалпы адамзаттык баалуулуктардын биримдигин жана табигый кырсыктарга каршы маанилүүлүгүн көрсөтүү үчүн аянтча болуп, жалпы жардам жана калыбына келтирүү иштерине ар бир салымдын маанилүүлүгүн баса белгилейт.

Биз жумурай журт, жалпы коомчулукту  бул тарыхый окуяга кошулууга чакырабыз – чогуу биз бардык кыйынчылыктарды жеңебиз жана азыр муктаж болгондорго колдоо көрсөтө алабыз.

Сиздин жигердүүлүгүңүз жана салымыңыз бүгүн болуп көрбөгөндөй маанилүү!

Башталыш күнү жана убактысы: 2024-жылдын 15-апрели, Бишкек убактысы боюнча 15:00.

Марафондун жаңылыктарын жана чоо-жайын социалдык тармактардагы жана иш-чаранын веб-сайтындагы расмий баракчаларында байкап туруңуз, катышыңыз жана шилтемелер менен бөлүшүңүз:

Фэйсбук https://www.facebook.com/initiative112

ТикТок https://www.tiktok.com/@initiative112?_t=8lPfK3ir2iV&_r=1

Инстаграм https://www.instagram.com/initiative112?igsh=MTVqcnNibzk3djd6ag==

Ютуб https://www.youtube.com/@initiative112-pr8bu

Сиздин катышууңуз жана колдооңуз биздин дүйнөнү жакшыртат!

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн