Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Келе турган кышта энергетика көйгөйү жаралаары бышык, - Мирлан Бакиров

26.03.2021 09:55
690
Келе турган кышта энергетика көйгөйү жаралаары бышык, - Мирлан Бакиров


Кечээ, 25-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү, деп билдирди парламенттин басма сөз кызматы.


Депутат Умбеталы Кыдыралиев Кербен шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын кайрылуусун маалымдап: "Аталган шаарга таза суу киргизүү боюнча 280 млн сомдук грант бөлүнүп, 210 млн сомдук тендер өткөрүлгөн. Утуп алган компания 45 км суу түтүктөрүн орнотушу керек болчу. Бирок, иш начар аткарылып, сапаты каралбай калган. Андыктан, аталган маселени өкмөт жана прокуратура көзөмөлгө алышы зарыл", - деди.


Ал эми депутат Мирлан Бакиров Токтогул суу сактагычындагы абалга токтолуп: "Ал жерде суунун көлөмү 8 млрд кубдун тегерегинде деп айтылып жатат. Бул келе турган кышта энергетика көйгөйүн жаратаары бышык. Андыктан, кошумча энергетика булактарын табуу учур талабы", - деп кошумчалады.


Андан тышкары, депутат Акыл Кемелов "Кумтөр" кен жайынан түшүүчү салыктар тууралуу сөз кылып: "Анын ичинен жол салыгын жергиликтүү жолду эксплуатациялоо ишканаларына берсек, аймактардагы жолдордун абалы жакшырмак", - деди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн