Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кеминде жана Аламүдүндө сууга чөгүп кеткен 15 жаштагы эки баланын сөөгү табылды

10.08.2020 09:26
712
Кеминде жана Аламүдүндө сууга чөгүп кеткен 15 жаштагы эки баланын сөөгү табылды


Кемин жана Аламүдүн райондорунда сууга чөгүп кеткен 15 жаштагы балдардын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Кемин районундагы Жел-Арык айылындагы көлмөгө 9-август күнү 2005-жылы туулган эркек бала чөгүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылып, саат 19:35те маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


Ошондой эле 9-август күнү Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы чакан ГЭСке 2005-ж.т. эркек бала чөгүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 3 куткаруучу тартылып, саат 00:15те иш-чаралар убактылуу токтотулган. 10-август күнү издөө иштерин улантуу максатында 5 куткаруучу тартылып, саат 07:00дө маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн