Кулжа 12, 2025
Убакыт: 23:07
USD
87.30
87.80
EUR
100.80
101.80
RUB
1.085
1.125

Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

11.06.2025 13:59
50
Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилди


Президент Садыр Жапаров “КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.


Мыйзам 2025-жылдын 30-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.


Мыйзамдын максаты КР Кылмыш-жаза кодексинин жана “Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө” КР 2024-жылдын 6-мартындагы № 69 мыйзамынын ченемдерин шайкеш келтирүү, ошондой эле “Жаштар арасында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө” КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 31-январындагы № 1842-VII токтомун ишке ашыруу болуп саналат.


Ошентип, мыйзам менен КЖКны төмөнкү ченемдер менен толуктоо каралган:


-  баланы күчтүү таасир этүүчү заттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун колдонууга тартуу үчүн жоопкерчиликти бекитүү (181-берене);


-  телекоммуникациялык тармактарды, анын ичинде Интернет тармагын пайдалануу аркылуу баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана күчтүү таасир этүүчү заттарды колдонууга көндүрүү үчүн жоопкерчиликти күчөтүү (287-берененин
2-бөлүгү).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн