Бугу 17, 2024
Убакыт: 19:13
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргыз дарыгерлери Кытайдан онлайн кеңештерди алып жатышат

23.03.2020 10:28
1145
Кыргыз дарыгерлери Кытайдан онлайн кеңештерди алып жатышат


Бүгүнү күндө кыргызстандык дарыгерлер Кытайда коронавирусун илдетин жуктуруп алган адамдарды дарылоо процедураларына катышкан дарыгерлерден кеңештерди алып жатышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүн, 23-мартта маалымат жыйында билдирди.


Анын айтымында, бул илдетти жок кылуу аракеттери боюнча мыкты ийгликтерге жетишип жаткан кытайлык эпидемиолог дарыгерлер менен кыргыз врачтары теле-конференцияларды өткөзүп, онлайн кеп-кеңештерди алып турушат.


Консультативдик тажрыйбалары менен кытайлык адистер күн сайын бөлүшүп турушат. Анда клиникалык дарылоо иш-чаралары менен бөлүшүшөт. Алар белгилеп кеткендей, биринчи темирдей тартип жана тазалык керек”, - дейт ал.


Ошол себептен, үйдөн чыкпай, колду самындап тез-тезден жууп, үйдү желдетип, таза кармоо жана дезинфекциялык каражаттары байма бай пайдалануу, ошондой эле адамдар менен карым катнашты убактылуу токтотуу туура экенин Кытай адистери кайталап айтуудан тажашпайт, деп кошумчалады Акматова.

                          

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн