Теке 27, 2024
Убакыт: 15:40
USD
83.60
84.50
EUR
90.60
91.60
RUB
0.960
0.995

Кыргыз ичимдиги Өзбекстандын рыногуна экспорттолот

13.05.2024 09:11
396
Кыргыз ичимдиги Өзбекстандын рыногуна экспорттолот


Кыргызстандан Өзбекстанга жогорку сапаттуу алкоголдук ичимдиктердин кеңири ассортиментин жеткирүү боюнча алдын ала келишим түзүлгөнүн Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.


Макулдашууга Кыргызстандын соода өкүлчүлүгү менен Өзбекстандагы компаниялардын биринин өкүлдөрү кол койгон.


"Кошуна мамлекет менен кызматташуубузду баштаганыбызга кубанычтабыз. Бизден чыккан ичимдиктин сапаты да, баасы да суроо-талапка төп келерине үмүт чоң", — деген Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлү Алмаз Темирбеков.


Экономика министрлиги аталган макулдашуу эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташуусун илгерилетүүдөгү маанилүү кадам болорун, ал кыргызстандык өнүдүрүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн